Анализаторлор

Википедия дан

АНАЛИЗАТОРЛОРайлана-чөйрө ж-а организм кубулуштар жонундө информация алып, аны анализдөөчү татаал түзүлүштөгү система. Анализаторлор жонундөгүтүшүнүктү орус физиологу И. П. Павлов илим 1909-ж. киргизген. Сырттан ж-а ичтен келген информацияларды сезгич нерв (афференттүү) учтары —рецепторлор кабыл алып, нерв импульстары аркылуу нерв системасынын өткөргүч жолу м-н мээ кыртышынын ар кандай бөлүгүнө берет. Анализаторлордун негизги бөлүгү айлана-чөйрө информациясын кабыл алат (экстроцептор). Буларга көрүү, угуу, жыт ж-а даам билүү, сезүү анализаторлору кирет. Башка анализаторлор организмдин ички чөйрөсүнүн абалын анализдейт (интероцепторлуу анализатор). Бул анализатор вестибуль ж-а таяныч-кыймыл аппаратынын, кан басымынын деңгээлин ж. б. тейлейт. Мээге негизги физиологиялык процесстер жонундө дайыма сигнал келип, ал кайра тийиштүү буйрук берет, бирок бул жөнгө салуу иш-аракеттер аң-сезимде байкалбайт. Организмдин айрым талабын камсыз кылуу үчүн бүтүндөй организм абалын өзгөртүү зарыл болгондо гана, мисалы, ачка болуу, оору, заңдоо ж-а заара кылуу сезимдери пайда болот. Анализаторлордун жардамы м-н жаныбарлар айлана-чөйрөнүн пайдалуу ж-а зыяндуу таасирин айрып билип, жашоо шартына жакшыраак ыңгайланат. Анализаторлор бири-бири м-н тыгыз байланышта аракеттенишип, кабыл алынган ар кандай информациялар толук анализделип, сырткы дүйнө жузундө толук түшүнүк болот. Кандайдыр бир анализатор бузулганда (кокустатуу, оорунун натыйжасында) башка дун машыгуу процессинин негизинде иш-аракети күчөйт. Мисалы, сокурларда угуу, жыт билүү, басым ж-а температураны сезүүсү жакшы өөрчуйт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8