Аэроионотерапия

Википедия дан

Аэроионотерапия (аэро..., ион жана терапия) - абадагы иондор менен дарылоо.

Атмосфералык абада белгилүү өлчөмдө электр заряддуу бөлүкчөлөр - иондор бар. Иондорду негизинен жердин радиоактивдүулүгү, космостук жана ультра кызгылт көк нурлар жаратат. Айрым жерлерде (тоодо, шар аккан суулардын боюнда, деңиз-көлдүн жээктеринде) иондор арбын болору илимде далилденген. Аэроиондор адамдардын организмине өпкө жана тери аркылуу оң таасирин тийгизет.

Аэроиондордун дарылоо дозалары кан жүрүү системаларына, айрыкча гипертония ооруларына жакшы жардам бере турганы аныкталган. Бул ооруларга каршы терс заряддуу иондор кеңири колдонулат. Бронхиалдык астма жана нерв системасынын ооруларын дарылоодо Аэроионотерапия жакшы натыйжаларды берет. Өлкөбүздүн заводдорунан чыгарылган аэроионизаторлор дарылоо мекемелеринде кеңири колдонулуп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.