Категория

Википедия дан

Категория (грекче каtegoria – белги, ой-пикир) – семантикалык белгилердин жалпылыгы боюнча өз ара байланышкан жана өз алдынча бир система түзүп турган тилдик маанилер. Кыргыз тилиндеги таандык, жак мүчөлөр үч жакты билдирүү менен өз ара бирдик түзөт. Категория түрлөргө семантикасына (денотациялык сөздүн өзү жөнүндөгү, семантика-синтаксистик – сөздүн мааниси, колдонулушу жөнүндөгү жана башка), алардын тигил же бул тилде аткарар милдетине (грамматикалык, грамматикалык эмес), айтылыш жолдоруна (морфология, лексикалык, синтаксистик) жараша ажырайт. Бир тилге зарыл категория экинчи бир тилге зарыл болбошу мүмкүн. Мисалы, род категориясы орус тилинде бар, кыргыз тилинде зарылдыгы жок. Жак категориялары лексикалык каражаттар менен ишке ашат. Грамматикалык (зарыл) категория ошол тилде туруктуу иерархиялык система түзөт. Мисалы, кыргыз тилиндеги этиштерге жак, чак, сан, ыңгай, мамиле категориялары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]